Тоң районунун Болот Мамбетов айыл аймагына караштуу Жер-Үй айылында 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Билим берүү мекемесинин курулушу 2023-жылы башталып, сметалык баасы 93 миллион сомду түздү.
Айылдагы эски мектеп имаратынын эскилиги жетип, авариялык абалга кептелгендигине байланыштуу жаңы билим уясын куруу зарылдыгы жаралган. Натыйжада заманбап талаптарга жооп берген, окуучулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн жаңы имарат салынды.
Мектеп өмүрүн агартуу тармагына арнаган, тажрыйбалуу мугалим Абдыжалы Көлбаевдин ысымын алып жүрөт.
Жаңы мектептин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров онлайн форматта катышып, иш-чарага жергиликтүү тургундар, мугалимдер жана айыл активисттери күбө болушту.