Түп районунун Ынтымак айылында 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Мектептин курулушунун жалпы наркы 106 миллион сомду түзүп, билим берүү мекемеси бардык заманбап талаптарга жооп берген шарттар менен салынды.
Жаңы мектеп окуучулар үчүн кеңири жана ыңгайлуу класстар, окуу-тарбия процессин сапаттуу жүргүзүүгө шарт түзгөн жабдуулар менен камсыздалган.
Белгилей кетсек, облус аймагы боюнча бүгүн бир эле учурда 15 объект пайдаланууга берилди. Алардын катарында социалдык объектилер менен катар өндүрүштүк ишканалар да бар. Бул долбоорлор аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошмокчу.