Өрнөк айылында 100 орундуу балдар бакчасы пайдаланууга берилди
Новость

Кечээ, 25-декабрда, Ысык-Көл районуна караштуу Өрнөк айылында 100 орундуу, эки кабаттуу балдар бакчасы салтанаттуу түрдө ачылды. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров онлайн форматта катышты.

Аталган балдар бакчасынын курулушу 2023-жылы башталып, толугу менен аяктады. Учурда Текебаев Кыдырма атындагы «Мээрим» балдар бакчасында 80 бөбөк тарбияланууда.

Жаңы бала бакча заманбап талаптарга жооп берип, балдардын тарбиясы жана коопсуздугу үчүн бардык шарттар менен камсыздалган.