Каракол шаардык жол чарба муниципалдык ишканасына мамлекеттин колдоосу менен алты жаңы атайын техника алынды. Бул техникалар жол оңдоо, кар тазалоо жана башка коммуналдык иштерди аткарууга багытталат.
Техникаларды сатып алууга 100млн сом каралган. Анын 50млн сому республикалык бюджеттен бөлүнүп, калган 50 млн сом жол чарба ишканасы тарабынан лизинг аркылуу каржыланды.
Ишкананын маалыматына ылайык, буга чейин жылына 2–3 чакырым гана жол курууга мүмкүн болсо, жаңы техниканын жардамы менен бул көрсөткүч 20–30 чакырымга чейин жетти.
Жалпысынан ишканага 12 даана техника жана бир таш талкалоочу жабдык алуу пландалган. Калган техникалар 2026-жылдын алгачкы айларында келүүсү күтүлүүдө.