Ысык-Көл облусунда 100 балага облус башчысынын белектери тапшырылды
Новость

Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Жетигенов Бактыбек Жеңишбекович балдар үчүн балаты майрамын өткөрдү. Майрамга облустун ар кайсы аймактарынан 100 бала чакырылып, алардын арасында мыкты окуган, мүмкүнчүлүгү чектелген жана аярлуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн балдары болду.

Майрамдын алкагында балдарга даамдуу сый тамактар уюштурулуп, анимациялык оюн-зоок программалар өткөрүлдү. Иш-чарага облустун жетекчиси тарабынан 200 миң сом каражат жумшалып, балдарга жагымдуу маанай жана кубаныч тартууланды.