Ысык-Көл: Майрам күндөрү эл коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте камсыздалат
Новость

Жаңы жылдык майрамдарга карата коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ысык-Көл облусунун ички иштер органдарында гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Иш-чарада өздүк курамдын кызмат өтөөгө даярдыгы текшерилди.

Гарнизондук кароону Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев өткөрүп, коюлган тапшырмалардын аткарылышына баа берди.

Ошондой эле Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан туристтик-экологиялык милиция кызматына эки моторлуу кайык тапшырылды. Алар көлдүн акваториясында коопсуздукту камсыздоого жана браконьерчиликке каршы күрөшүүгө колдонулат.

Ысык-Көл облусунун ички иштер органдары майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.