Үч баланын энеси Жибек Урустемованын күйөөсү тарабынан өлтүрүлүшү боюнча эки милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, маркумдун өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч бар экенине байланыштуу жогорку деңгээлдеги коргоо ордери берилген. Бирок Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын аймактык милиционери аялдын бир нече жолу жасаган кайрылууларына көңүл бурбай, анын жана балдарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тийиштүү чараларды көргөн эмес.
Андан соң аймактык милиционер Ж.Н. өзүнүн аракетсиздигин жашыруу максатында шектүүнүн жашаган жери боюнча текшерүүлөр жүргүзүлгөнү тууралуу актыларды жасалмалаганы аныкталган. Ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын улук инспектору А.К. айыпталуучуга травматикалык тапанча сактоого жана алып жүрүүгө берилген уруксаттын мөөнөтүн мыйзамсыз узартканы белгилүү болду.
Кармалган милиция кызматкерлери 29-декабрда УКМК тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ленин райондук соту аларды тергөө иштери аяктаганга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.
Эске салсак, 23-декабрь күнү кечинде Бишкек шаарында 47 жаштагы Жибек Урустемованы күйөөсү тапанча менен атып өлтүргөн. Шектүү — 48 жаштагы, мурда милиция кызматында иштеп, алты жыл мурун пенсияга чыккан Б.Т. аттуу жаран. Ал кылмыш болгон жерден кармалган.
Үрөй учурган окуя боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да үн катып, бул фактты “бүтүндөй өлкө ичиркенүү менен кабыл алганын” белгилеп, кылмышкерди актоого эч кандай негиз жок экенин баса белгилеген.