Владимир Путин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады
Новость

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

“Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери жогорку деңгээлде турат – муну Бишкектеги жакында болгон конструктивдүү жана мазмундуу сүйлөшүүлөрүбүз толук ырастады.

Биз, албетте, саясий, соода-экономикалык, гуманитардык жана башка тармактарда жемиштүү кызматташтыкты активдүү түрдө мындан ары да кеңейтебиз, ошондой эле КМШ, ЕврАзЭС, ЖККУ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында аракеттерибизди координациялайбыз. Бул Россия менен Кыргызстандын достук мамиледеги элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берет, Евразия мейкиндигинде коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөгө багытталган.

Жаңы жылда чың ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди, ал эми бардык мекендештериңизге бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү чын жүрөктөн каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.