Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады
Новость

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

“Өтүп бара жаткан жылда жалпы умтулуулар жана биргелешкен аракеттер менен биз достош мамлекеттерибиздин ортосундагы коңшулаштык, стратегиялык өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелеринин динамикалуу өнүгүшүнө жетиштик. 

Биздин бекем саясий эркибиздин, жемиштүү жана конструктивдүү байланыштарыбыздын аркасында маанилүү тарыхый макулдашууларга жетишип, көп пландуу жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрө алганыбызды өзгөчө канааттануу менен белгилегим келет.

Жогорку деңгээлдеги жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү активдештирип, жетишилген макулдашуулардын толук аткарылышын камсыз кылуу менен, 2026-жылы биз алдыбызга койгон бийик максаттарга сөзсүз жетишебиз. 

Сизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишмердүүлүгүңүздө чоң ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.