Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады
Новость

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

“Кирип келе жаткан Жаңы 2026-жыл менен куттуктоомду кабыл алыңыз! Сизге кажыбас кайрат, үй-бүлөлүк бакубаттуулук жана боордош Кыргызстан элинин гүлдөп-өнүгүшүнө арналган жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди каалайм!”, - деп айтылат телеграммада.