Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады
Новость

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

“Сизди келе жаткан 2026-жыл менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сизге ден соолук, бакыт жана эл аралык аренада өнөктөштүктү жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзгөн баштоолоруңузга ийгиликтерди каалайм. Жаңы жыл сиздин өлкөңүздүн элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү алып келсин”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.