30-декабрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Ош облусунун Кара-Суу шаарында Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.
Иш-чарага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана тармактын кызматкерлери катышты. Курулуш министри куттуктоо сөзүн айтып, тармактын мыкты кызматкерлерине Министрликтин ведомстволук сыйлыктарын тапшырды.
Жаңы административдик имараттын курулушу 2025-жылдын май айында башталган. Жаңы имарат заманбап стандарттарга ылайык курулуп, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу эмгек шарттары жана жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү.
Белгилей кетсек, буга чейин башкармалыктын имараты жок болгондуктан, кызматкерлер 1951-жылы курулган эки кабаттуу турак үйдүн биринчи кабатында ижарада иштеп келген.