Александр Лукашенко Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады
Новость

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

“2025-жыл беларусь-кыргыз мамилелерине олуттуу динамика берип, өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташтыктын жаңы келечегин ачкан жаркын окуяларга бай болду. 

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы чын ыкластуу достук, ишенимдүү өнөктөштүк эки элдин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да чыңдала берет деп ишенем. 

Сизге чын жүрөктөн чың ден соолук, ийгилик жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстанга тынчтык, ынтымак жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.