Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.
“Армения менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты жандандырууга жана өз ара пайдалуу алакаларды чыңдоого багытталган аракеттер Ереван менен Бишкектин ортосундагы мамилелердин 2026-жылы өнүгүшүнө, элибиздин өнүгүшүнө жана аймактык тилектештигине өбөлгө болот деген үмүттөмүн.
Учурдан пайдаланып, Сизге жана жакындарыңызга чың ден соолук жана келе жаткан жылда ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өсүүнү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.