Бишкек шаарынын Свердлов районунда ЖЭБдин (ТЭЦ) техникалык каналына түшүп кетип, изделип жаткан жарандардын дагы бири - 1963-жылы туулган Ж.Ж.нын сөөгү табылды.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 30-декабрында аталган каналга үч жаран түшүп кетип, алардын биринин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал эми калган эки адамды (1963-жылы туулган Ж.Ж. жана 1966-жылы туулган Ж.Т) издөөгө бүгүн жалпы 150 адам тартылган. Ушул сааттарга карата дагы бир адамдын сөөгү куткаруучулар тарабынан алынып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен жеринде издөө ишин министрдин орун басары Эрнест Жусупов координациялоодо. ӨКМден жалпы 90 куткаруучу тартылган, анын ичинен:
- КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынан 55 куткаруучу,
- Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 18,
- Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 5,
- Ысык-Ата райондук №27 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 6,
- Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 7,
- Бишкек шаардык мэриясынан 30 кызматкер,
- ИИМден 30 кызматкер. Жалпы 150 адам тартылган.