Шейх Мохаммед Бин Заид Аль-Нахаян Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады
Новость

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Шейх Мохаммед Бин Заид Аль-Нахаян Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

“Келе жаткан Жаңы 2026-жылыңыздар менен сизди чын жүрөктөн куттуктап, эң жакшы каалоолорумду билдирем. Сизге чың ден соолук жана бакыт каалап, достук мамиледеги кыргыз элине мындан аркы өнүгүү жана гүлдөп-өсүүнү каалайм.

Терең урматтоомду жана ыраазычылыгымды кабыл алыңыз!”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.