Чет өлкө лидерлери Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин жаңы жылы менен куттуктады
Новость

Иран Ислам Республикасынын Президенти Масуд Пезешкиан Президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады.

“Сизди Григорий календары боюнча жаңы 2026-жылдын келиши менен чын жүрөктөн куттуктайм. 

Келерки жылы тынчтыкта жанаша жашоо принцибине таянып, адилеттүүлүккө негизделген аракеттер менен биргелешип азыркы тынчы жок дүйнөдө туруктуулукту жана тынчтыкты орнотууга шарт түзө алабыз деп ишенем. 

Сизге чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын элине бакыт жана бакубатчылык каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

1.jpg 1.37 MB
Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаити Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин келе жаткан Жаңы 2026-жыл менен куттуктап, эң жакшы жаңы жылдык каалоолору жазылган даректүү кат жөнөттү.
2.jpg 1.31 MB
Корея Республикасынын Президенти Ли Чжэ Мён Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин кирип келе жаткан  Жаңы 2026-жыл менен куттуктады.

“2025-жылы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы бекем достук жана кызматташтык үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет. 

2026-жылы биздин достугубуз андан да чыңдалып, кызматташтыгыбыз кеңейип, жемиштүү болот деп ишенем. Мындан тышкары, биздин өлкөлөрдүн дүйнөлүк аренада тынчтыкка, туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө карай биргелешкен ишин чыдамсыздык менен күтөм. 

Сизге ийгилик жана бакыт, ал эми кыргыз элине туруктуу өнүгүү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

3.jpg 1.3 MB
Польша Республикасынын Президенти Кароль Навроцкий Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы 2026-жыл менен куттуктады.

“Польша элинин жана өзүмдүн атымдан Сизге жана Кыргыз Республикасынын жарандарына эң жакшы каалоолорду билдирем. 

2026-жыл глобалдык чыр-чатактар чечилген, тынчтыктын мезгили болсун. 

Менин терең урматтоомду жана жеке бакубатчылык тилеген каалоолорумду кабыл алыңыз”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

4.jpg 1.37 MB
Словения Республикасынын Президенти Наташа Пирц-Мусар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктап, даректүү кат жөнөттү.
5.jpg 1.38 MB
Түркмөнстан Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады.

“Келе жаткан Жаңы 2026-жыл менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана бакыт каалайм. Жаңы жылдагы бардык аракеттериңиз ийгиликтүү ишке ашсын!”, - деп айтылат телеграммада.

6.jpg 1.48 MB