2026-жылдын 2-январь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда жайгашкан жатаканадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө 1 автошаты, 5 күжүрмөн эсеп, штаб жана ККББдан ыкчам топ тартылган.
Окуя болгон жерден жалпысынан 150 студент эвакуацияланган.
Өрт кырсыгы саат 23:46 толук өчүрүлдү.
Тилсиз жоонун аянты болжол менен 380 чарчы метрди түзөт.
Жабыркагандар жок.

