Бүгүн, 4-январь саат 10:30га карата, республиканын негизги ашууларында жол кыймылы толук камсыздалып, бардык багыттарда каттам ачык. Аба ырайы ачык, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Жол тейлөө кызматкерлери тарабынан унаа жолдордо жана ашууларда жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер күнү-түнү жүргүзүлүүдө.
Урматтуу айдоочулар!
Кышкы жол шарттарын эске алып, унааңызды кышка ылайык даярдап, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөбүз.