Бүгүн, 6-январга карата республиканын негизги ашууларында жол кыймылына эч кандай чектөө жок.
Бишкек–Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Барскоон–Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда күн ачык, жол ачык. Каракол–Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, каттам бар.
Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн бүркөк, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, каттам бар.
Жол тейлөө кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында иштер күн сайын жүргүзүлүүдө.