КФБ президенти U-23 Азия кубогунун Сауд Арабия - Кыргызстан беттешине күбө болууда
Новость

Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиев Сауд Арабиянын Жидда шаарына болгон расмий сапарынын алкагында учурда орун алып жаткан U-23 Азия Кубогунун Сауд Арабия - Кыргызстан беттешине күбө болууда. Оюн Жидда шаарынын Абдулла Аль-Файсал атындагы стадионунда орун алууда.

Белгилей кетсек, буга чейин, 2025-жылдын сентябрь айында, башкы машыктыруучу Эдмар Ласерданын жетекчилиги алдында Кыргызстандын олимпиадалык курамасы U-23 бул жаш курактагы Азия Кубогуна тарыхтагы алгачкы жолдомону камсыздаган.

Эске салсак, биздин команда «А» тайпасында Вьетнам, Иордания жана Сауд Арабия менен бирге жайгашкан.