Социалдык тармактарда Бишкек шаарында курулуп жаткан “Алтай” турак жай шаарчасы боюнча видео тараган. Анда пайдубал үчүн казылган жерлерге суу толуп калганы көрсөтүлүп, коомчулукта тынчсыздануу жаралууда.
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдайт: аталган объект боюнча курулуш иштери башталганга чейин мыйзам талаптарына ылайык инженердик-геологиялык жана инженердик изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында жер астындагы суулардын деңгээли алдын ала аныкталып, долбоордо тиешелүү инженердик чечимдер каралган.
Тактап айтканда, долбоордук документтерде дренаждык системаны куруу, жер астындагы сууларды чыгаруу жана аймактын инженердик өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен турак жай имараттарын беш кабаттан ашырбоо чечими кабыл алынган. Бул чаралар курулуш коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Белгилей кетсек, “Алтай” шаарчасы аз кабаттуу турак жай комплекси болуп саналат. Сейсмикалык коопсуздук маселелери Курулуш министрлигине караштуу тиешелүү мамлекеттик департаменттер тарабынан толук каралгандыгына байланыштуу, долбоорлоо жана куруу иштеринде министрликтин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту менен милдеттүү түрдө өзүнчө макулдашуусу талап кылынбайт.
Андыктан Канат Абдрахматов тарабынан айтылган пикир туура эмес жана министрлик коомчулукту дүрбөлөңгө салбоого чакырат.
Ошону менен катар, аталган аймакта мурда да жана азыркы учурда да башка ири объектилердин курулушу жүргүзүлүп жатканын белгилеп кетүү зарыл. Тактап айтканда, Ош базарынын аймагы, жаңы автобекет, ошондой эле беш кабаттуу турак жай имараттары ийгиликтүү курулуп жатат. Мындан тышкары, Советтер Союзунун мезгилинде аталган аймакта курулган төрт-беш кабаттуу турак жай имараттары бүгүнкү күнгө чейин пайдаланылып келет.
Министрлик жарандарды “Алтай” шаарчасынын курулушу боюнча тынчсызданбоого чакырат жана баары көзөмөлдө экендигин белгилейт.