Казакстандык белгилүү актёр Мурат Бисембин каза болду
Новость

“Рэкетир” фильминин жылдызы, казакстандык атактуу актёр Мурат Бисембин 53 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын кызы социалдык тармактар аркылуу кабарлап, маалыматты казак басылмалары тастыктады.

Маалыматка ылайык, актёр былтыр уйку безинин рагы диагнозу коюлганын ачык айтып, бир нече ирет химиотерапиядан өткөн. Мындан тышкары, соңку айларда анын инсульт алып, абалы оорлошкону белгилүү болгон.

Мурат Бисембин казак киносуна кеңири таанылып, айрыкча “Рэкетир” тасмасындагы ролу менен көрүүчүлөрдүн эсинде калган. Ал ошондой эле бир катар көркөм фильмдерде жана телетасмаларда роль жараткан.

Актёрдун дүйнөдөн кайтканын маданият өкүлдөрү жана күйөрмандары казак киносу үчүн чоң жоготуу катары баалашууда.