Бишкекте лазер жарыгы күйгөн жаңы жол чырак орнотулду
Новость

Бишкек шаарында Курманжан Датка жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине лазер жарыгы күйгөн жаңы жол чырак орнотулду. Бул жол чыракты алгачкы жолу “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы өз күчү менен иштеп чыгып, даярдады. 

Мындай жарык аба ырайы ыңгайсыз болгон учурда, туман каптаганда же жаан-чачын болгондо жөө жүргүнчүлөрдүн айдоочуларга жакшыраак көрүнүшүнө жардам берет. 

Бул жол кырсыктарынын алдын алууга жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого түздөн-түз өбөлгө түзөт.

Аталган долбоордун ишке ашырылышы муниципалдык ишкананын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, шаардык жол-транспорттук инфраструктурага заманбап чечимдерди киргизүүгө, ошондой эле жол кырсыктарынын санын кыскартууга багытталган.