Бийик тоолуу жана климаттык шарты катаал аймакта жашаган Нарын облусунун тургундарынын кайрылууларын эске алуу менен, максималдуу жүктөм сааттарында электр энергиясын керектөө лимитин көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алынды.
Натыйжада буга чейин белгиленген лимит 189 648 кВт·сааттан 264 312 кВт·саатка чейин жогорулатылып, электр энергиясын көбүрөөк көлөмдө берүү жана аймактын энергокамсыздоосун турукташтыруу камсыздалды.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын энергосистемасынын эң жогорку жүктөм мезгилинде туруктуу иштешин камсыздоого багытталган чаралардын алкагында кабыл алынды.
Ошону менен катар, Нарын облусунда Президенттин Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү райондук мамлекеттик администрациялар, аймактык бөлүмдөр, Энергетика министрлиги жана «Кыргызкөмүр» ААК менен биргеликте калкты көмүр менен камсыз кылуу боюнча туруктуу негизде системалуу иштерди жүргүзүп келет.
Мындан тышкары, антимонополиялык органдар менен биргеликте көмүрдүн баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында рейддик иш-чаралар уюштурулду. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында баалардын негизсиз жогорулатылган фактылары аныкталган жок.
Жалпысынан Нарын облусу боюнча көмүрдүн баасы 5 500 сомдон ашпайт, ал эми кара алтындын жалпы запасы 3 миң тоннадан ашык. Анын ичинен болжол менен 1,5 миң тоннасы «Кыргызкөмүр» ААКнын социалдык отун базаларында топтолгон.