Ош облусунун Ноокат районундагы 12-Мойнок айылына алгач ирет заманбап мектеп курулду. Курулуш иштерине мамлекеттик казынадан 115 миллион сом бөлүндү.
Жаңы мектепте 550 окуучу билим ала алат. Башкы планга ылайык, заманбап окуу класстары, атайын лабораториялар, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, компьютердик класс, ашкана жана бардык шарттары каралган спорт залы бар. Объекттин жалпы аянты 1956 чарчы метрди түзөт.
Мындан тышкары, эки кабаттуу мектептин айланасында волейбол, баскетбол жана футбол аянтчалары курулган.