25 миллиондон ашуун мал ветеринардык көзөмөлдөн өттү
Новость

2025-жылы өлкө боюнча 25 млн 546 миң баш мал ветеринардык кароодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директорунун орун басары Бакыт Шарапов “Биринчи радионун” түз эфиринде айтты.

Маалыматка ылайык, мамлекет тарабынан 9 негизги жугуштуу ооруга каршы, анын ичинде шарп, сибирь жарасы, кутурма, бруцеллез жана кой-эчкилердин ооруларына каршы вакциналар алынган. Акыркы жылдары бул багыттагы каржылоо кыйла көбөйүп, мурда жылына 86–87 млн сом бөлүнсө, өткөн жылы 261 млн сомдон ашуун каражат каралган.

Ошондой эле жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында мал базарларында жана мал союучу жайларда катуу көзөмөл жүргүзүлүп жатканы айтылды. 

Ар бир жаран эт сатып алууда ветеринардык сертификатты талап кылууга укуктуу.