Агартуу министри таласка 3 күндүк сапары менен барды
Новость

Бүгүн, 14-январда Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Талас облусуна 3 күндүк иш сапары менен барды. Сапардын алкагында министр алгач Талас облусундагы билим берүүнүн сапаты, мектеп, бала бакчалардын тартыштыгы, билим берүү тармагындагы муктаждыктар менен таанышты. 

Догдуркүл Кендирбаева ошондой эле Талас облусунун тургундары менен жолугушуп, билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөр, 12 жылдык билим берүү системасындагы өнүгүүлөр тууралуу маалымат берди. Ошондй эле жарандардын суроолоруна жооп берди.

Мындан сырткары Агартуу министри Талас облусунда салынып жаткан “Акылман” лицейинин курулушу менен таанышты.

Үч күндүк сапардын алкагында Догдуркүл Кендирбаева Талас облусундагы билим берүү мекемелерин кыдырып, жакындан таанышаары айтылды.