16-17-январь күндөрү өлкө аймагында абанын температурасы кескин төмөндөйт
Новость

Мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир аймакта туман болуп, автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундуна 15-20 метрге жетет. 

17-19-январь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…-7° суукка чейин, күндүз -2° суктан…+3° жылуулукка чейин, тоо этектеринде түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12° суукка чейин, күндүз -4° сууктан…+1° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28°, күндүз -9…-14°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -9…-14°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -11…-16° суукка чейин болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылын кыйындатат. 

Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды алыска жолго чыгууда унаада кышкы дөңгөлөк, чынжырча, күрөкчө, дары-дармек, ысык суу алууну камсыздоону жана алдын ала эскертүүлөргө көңүл бурууга чакырат. Кырсык катталганда же жолдогу абал боюнча 112 номерине байланышууну эскертет.