VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасы боюнча маалымат жыйыны өттү
Новость

Бүгүн, 15-январда “Кабар” улуттук маалымат  агенттигинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган расмий маалымат жыйын болуп өттү. 

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасы менен тааныштырып, даярдык иштеринин учурдагы жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле алдыдагы эл аралык спорттук иш-чаранын негизги жана артыкчылыктуу багыттары белгиленип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Маалымат жыйынга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов да катышты. Ал даярдык иштеринин уюштуруучулук маселелерине токтолуп, эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуунун жүрүшү тууралуу маалымат берип, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Белгиленгендей, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү иштери пландуу негизде жүргүзүлүп, иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө, көчмөндөрдүн салттуу баалуулуктарын сактоого жана эл аралык стандарттарга шайкештигин камсыздоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргыз Республикасында өтөт. Ачылыш аземи Бишкек шаарында өтүп, негизги мелдештер, анын ичинде жабылуу аземи, Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлөт. Бул ири эл аралык иш-чарага салттуу спорт түрлөрү боюнча күч сынашуу үчүн дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнөн спортчулар катышат.