Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айыл аймагында салмагы 180 тоннадан ашкан нефритке окшош ири таш туристтик объект катары ачылууда.
Таш Оргочор айыл аймагынын Чоң-Кызыл-Суу айылынын түштүк тарабында, калктуу конуштан 3 чакырымдай алыстыкта, Чоң-Кызыл-Суу дарыясынын жээгине жакын жайгашкан.
Бул табылга илимий жана туристтик жактан кызыгуу жаратып, аймакта туризмди өнүктүрүү максатын көздөйт. Таш алгач 2013–2014-жылдары табылып, кийин уурдалып кетпеши үчүн кайра көмүлгөн.
Геологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында таш нефрит эмес, нефритоид экени аныкталган. Ошого карабастан, жергиликтүү тургундар аны туристтер үчүн көргөзмө катары пайдаланууну сунуштап келишкен.
13-январда райондук администрациянын жыйынында Чоң-Кызыл-Суу капчыгайындагы Ак-Таш жайлоосунда «Ак Илбирс» кышкы фестивалын өткөрүү жана ташты ачуу чечими кабыл алынып, иш Оргочор айыл өкмөтүнө жүктөлгөн.
Учурда «Иштерман» муниципалдык ишканасы тарабынан оор техника менен даярдык иштери жүргүзүлүүдө.



