Балыкчы шаарына Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен 60 миллион сомго алынган 11 даана атайын техника Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов тарабынан расмий түрдө тапшырылды.
Жаңы техникалар шаардык коммуналдык кызматтардын материалдык-техникалык базасын чыңдап, тазалыкты сактоо, жолдорду тейлөө, кар жана таштандыларды өз убагында тазалоо иштерин жакшыртууга, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга шарт түзөт.
Мындан тышкары, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун эсебинен 7,5 миллион сом бөлүнүп, «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Балыкчы шаарына 72 даана видеокөзөмөл камерасы орнотулуп, долбоор расмий ишке киргизилди.
Бул колдоо аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында көрсөтүлүп, шаар инфраструктурасын жакшыртууга жана калктын жашоо шартын оңдоого багытталган.
