Ысык-Көл облусуна крематорийлер сатылып алынды
Новость

Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз, Түп райондоруна жана Каракол, Балыкчы шаарларына биологиялык калдыктарды жок кылуу максатында крематорийлер алынып берилди.

Тактап айтканда, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен аталган аймактарга жалпысынан 6 даана крематорий сатылып алынды. Долбоорго бөлүнгөн каражаттын жалпы суммасы 10 млн 815 миң сомду түздү.

Крематорий — жаныбарларды жана биологиялык калдыктарды кремациялоо үчүн арналган атайын жабдуу. Кремация дүйнө жүзүндө көмүүнүн альтернатива ыкмасы катары барган сайын кеңири колдонулуп, жугуштуу оорулардын алдын алууда жана айлана-чөйрөнү коргоодо маанилүү роль ойнойт.

Бул жабдууларды пайдалануу санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоого жана экологиялык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт.