Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компанияга күтүүсүз текшерүүгө барды
Новость

Текшерүүнүн жүрүшүндө ал кезекте турган жарандардын суроо-талаптарына жана кайрылууларына токтолду. Ошондой эле жарандардын убактысын үнөмдөө максатында “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн форматта кезекке турууга жана кызматтарды аралыктан алуу мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланууга чакырды.

Ага катар, жакында Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен МИКке кезекке турууда мигранттар үчүн атайын жеңилдетилген тескеме ишке кирерин белгиледи. Бул алыста иштеп жүргөн жарандардын үй алууга болгон мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. 

Мындан тышкары, Каныбек Туманбаев компаниянын кызматкерлерине жарандар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп, электрондук кызматтардын артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат берүүнү тапшырды.