Күйүүчү май 1,5 сомго чейин арзандады
Новость

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май литрине 1,5 сомго чейин арзандады.  Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов журналисттерге билдирди.

Анын сөзүнө караганда, мындай арзандатуу Орусияда жыл сайын жүргүзүлүп келет жана баалар мунай иштетүүчү заводдор жыл аягында жасаган арзандатуудан улам төмөндөдү.

Ассоциациянын президенти жакында жаңы баалар коюларын, ошондуктан өлкө ичиндеги күйүүчү майдын мындан аркы баасын так айтуу кыйын экенин кошумчалады.