Шашылыш билдирүү! Кар көчкү түшүүсү мүмкүн!
Новость

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык 2026-жылдын 19-январынан 21-январына чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана шамалдын күчөшүнө байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт:

- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарынын Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, 
- Чычкан капчыгайы, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусу;
- Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-110-чакырымдарында;
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда; 
- Балыкчы – Казарман –Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Унаа жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.