Кыргызстан 300–400 миң АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция салган чет элдик инвесторлорго 20–30 жылдык виза берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууда. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Жалын Жээналиев билдирди.
Анын айтымында, өлкө түз чет элдик инвестицияларды тартуу максатында инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө. Анын алкагында айрым бажы төлөмдөрүнөн бошотуу жана салыктар боюнча узак мөөнөттүү жеңилдиктер сунушталууда.
Мындан тышкары, венчурдук каржылоону жана стартап экосистемасын өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдык база даярдалып жатат. Өкмөт инвесторлордун укуктарын коргоого өзгөчө көңүл буруп, инвестициялык климатты жакшыртууну көздөйт.