Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2026-жылдын 1-мартында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2026-жылдын 29-январында саат 18:00гө чейин (кошуп алганда) аяктайт.