Кечээ, 2026-жылдын 20-январында Бишкек шаарынын Октябрь районунда эт бааларына көзөмөл жүргүзүү боюнча кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Рейдге Октябрь райондук администрациясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын, Октябрь РИИБинин жана №403 МАБдын кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын алкагында «Орто-Сай» базарындагы эт сатуучуларга социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларына бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун тартиби түшүндүрүлүп, сөөктүү уй этине болгон чекене баа 1 килограммына 680 сомдон ашпоого тийиш экени эскертилди.
Сатуучулардын маалыматына ылайык, алар уй этин дүңүнөн 690–700 сомдон, ал эми кой этин 1 килограммына 750 сомдон сатып алышууда. Ошону менен бирге белгиленген чекене баа боюнча эт сатууда кыйынчылыктар жаралып жаткандыгы белгиленди.
Ушуга байланыштуу эттин дүң жеткирүүчүлөрү тарабынан да бааларды жөнгө салуу зарылдыгы тууралуу маселе көтөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө баа белгилеринин жоктугу жана продукцияны белгиленген чектен жогору баада сатуу фактылары аныкталды. Сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, буга чейин «Орто-Сай» базарында баа талаптарын бузгандыгы үчүн жалпы суммасы 29 миң сомду түзгөн 3 протокол түзүлгөн.
Мындан тышкары, Карагул Акмат көчөсү, 35/1 дарегинде жайгашкан «Устукан» дүкөнүнө бааларды жөнгө салуу эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул салынды.
