Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында жайгашкан Көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына Брайл системасы боюнча жазган Perkins Brailler Classic үлгүсүндөгү 10 машинка тапшырды.
Белгилей кетсек, МинКаб Төрагасы өткөн жылдын сентябрь айында бул мектеп-интернатка барган учурда Брайл системасы боюнча окутууну уюштуруу үчүн машинкага муктаждыгы айтылган.
Тиешелүү жабдуулардын 20 даана сатып алууга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Резервдик фондунан 3 миллион сомдон ашуун каражат бөлүндү, анын ичинен 10 машинка Бишкек шаарындагы бул мектеп-интернатына, ал эми калган 10 машинка Ош шаарындагы көрүүсү начар жана азиз балдардын атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына берилет.
Perkins Brailler Classic машинкалары окуу процессин уюштурууда маанилүү жана натыйжалуу курал болуп саналат. Алар Брайл арибинде жазууну системалуу, ырааттуу жана практикага багытталган окутууга шарттарды түзүп, окуучулардын өз алдынча иштөө көндүмдөрүн, майда моторикасын, концентрациясын өнүктүрөт, мугалимдердин окуу процессин уюштурууга көмөктөшөт жана билим сапатын жогорулатат, түзөтүү, тарбиялоо жана коомдук иштерди бирдиктүү педагогикалык система катары ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле, мекеменин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.


