Чакан жана орто бизнесте накталай эмес төлөмдөр боюнча текшерүүлөргө мораторий киргизилди
Новость

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы чакан жана орто ишкердик субъекттерине карата төлөм жабдууларын колдонуу боюнча, анын ичинде POS-терминалдар, электрондук капчыктар жана QR-коддор аркылуу төлөмдөрдү кабыл алууда салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча рейддик салык контролун жана контролдук сатып алууларды жүргүзүү убактылуу токтотулганын маалымдайт.

Ошондой эле, электрондук капчыктар жана QR-коддор аркылуу операцияларды жүргүзүүдө ишкердик үчүн атайын банктык эсепти колдонуу талаптары боюнча көзөмөл да убактылуу токтотулат.

Бул чечим 2026-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болуп, төмөнкүлөрдүн негизинде иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөргө карата колдонулат:
* 0 жана 0,5 пайыздык ставкалары менен бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы;
* патенттин негизинде;
* өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөгөндөргө;

Ошол эле учурда, мораторий төмөнкү субъекттерге жайылтылбайт:
* салыктык каттоосуз жана (же) патенттин негизинде салык төлөбөстөн иш жүргүзгөндөргө;
* уюмдардан же жеке жактардан даттануулар, арыздар түшкөн, ошондой эле тергөө органдарынын токтомдору бар болгон субъекттерге;
* салыктардын, анын ичинде жалданма кызматкерлер боюнча салыктарды төлөбөгөндүгү тууралуу тастыкталган маалыматтар же талдоолор бар болсо;
* акциздик маркалардын болушун текшерүү бөлүгүндө акциздик товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыргандарга.

Ошол эле учурда, Мамлекеттик салык кызматы ишкерлердин арасында төлөм жабдууларын колдонуу, анын ичинде POS-терминалдар, электрондук капчыктар жана QR-коддор боюнча салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү активдүү улантат.