Талас: Долбоордук документтери жок курулуш объектисине чара көрүлдү
Новость

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы курулуш объектилерин текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Аталган иш-чаралардын алкагында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине караштуу Талас региондук башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Талас шаарындагы Бердике баатыр көчөсү 176 дарегинде курулуп жаткан соода түйүнүндө долбоордук документтердин жоктугу аныкталды. Ошондой эле курулуш объектисинде техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы белгилүү болду.

Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Толобаев Н.Т. карата мыйзам бузуу фактысы боюнча протокол түзүлүп, айып пул салынды. Ошондой эле, шаар куруу тапшырмасын (ГЗ) жана тиешелүү уруксат берүүчү документтерди алуу боюнча көрсөтмө берилди.

Мындан сырткары, Талас шаарындагы бардык курулуш объектилери боюнча рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз улантылууда.