Адылбек Касымалиев МинКаб мүчөлөрү жана Президенттин Администрациясынын кызматкерлери менен бирге “Ала-Арча” паркына тоого чыкты
Новость

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана Президенттин Администрациясынын кызматкерлери менен биргеликте “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркына жөө жүрүшкө чыкты.


Иш-чара сергек жашоого үндөө, мамлекеттик кызматкерлердин арасында командалык маанайды бекемдөө, айлана-чөйрөнү коргоо жана ички туризмди өнүктүрүүгө көңүл буруу максатында уюштурулду.

Жөө жүрүштүн жүрүшүндө Адылбек Касымалиев активдүү эс алуунун баалуулуктарын жайылтууда жетекчилердин жеке үлгүсү маанилүү экенин белгиледи. Жөө жүрүшкө катышкандар парктын корголуучу аймагынын инфраструктурасынын учурдагы абалы менен таанышып, өлкөнүн жаратылыш мурастарын кылдаттык менен башкарууга байланышкан маселелерди талкуулашты.