Энергетика министри күн элект станцияларынын курулуш иштерин текшерди
Новость

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев 2026-жылдын 25-январында Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында иш алып барган компанияларындын тийиштүү жетекчилери менен жолукту. 

Алгач Тору-Айгыр аймагында Юнигрин компаниясы тарабынан курулуп жаткан күн электр станциясынын иши менен жеринде таанышты. Анда компаниянын техникалык директору Тимурлан Кадинов аткарылып жаткан иштер, алдыдагы пландары тууралуу маалымат берди. 

Анын айтымында учурда куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Учурда аткарылган иштер: 

  • Участокторду пландаштыруу – 80%;
  • Тосмо орнотуу – 95%;
  •  1-кезектеги таяныч конструкцияларын жеткирүү – 50%;
  • 1-кезектеги таяныч конструкцияларындагы казыктарды бекитүү – 6%;
  • Сел сактагычтарды, анын ичинде агып чыгуучу каналдарды, дренаждык көлмөлөрдү куруу – 50%;
  • 220 кВ чубалгылар үчүн чуңкурларды даярдоо – 40%; 
  • Таянычтарды чогултуу жүрүп жатат.

 2026-жылдын 31-августуна чейин 100 МВт күн электр станциясын ишке киргизүү пландалууда. 

Мындан тышкары энергетика министри Т.Ибраев  "РЭЦА" ЖЧКсы тарабынан  курулуп жаткан күн электр станциясын текшерди.  Компаниянын долбоордук директору Фам Минь Баг,  курулуш обьектисинин менеджери Нгуен Минь Туан менен жолугуп, долбоорду ишке ашыруунун учурдагы абалы тууралуу маалымат алды. 

Алардын айтымында 17 МВт күн элек станциясын куруу иштеринин 10 пайызы ишке ашылып бүттү. Азыркы учурда жумушчулар үчүн убактылуу турак-жай курулуп бүтүп, көмөкчордондун пайдубалы жана 110кВ электр линиясынын 50 пайызы коюлду. 175 МВт кубаттуулуктагы долбоордун биринчи фазасынын курулушун 2026-жылдын биринчи жарымында аяктоо пландаштырылууда.

Энергетика министри компания жетекчилерине курулуш мөөнөттөрүн так сактоо зарылдыгын баса белгилеп,  аткарылып жаткан иштердин сапатына жана темпине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.