Адылбек Касымалиев: КРнын ИДП өсүү темпи боюнча аймактык жана дүйнөлүк масштабда абдан жогорку көрсөткүчкө ээ
Новость

Кыргыз Республикасынын ИДП өсүү темпи боюнча аймактык жана дүйнөлүк масштабда абдан жогорку көрсөткүчкө ээ. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Президенттин Администрациясынын аппараттык кеңешмесинде билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы 2025-жылдын алдын ала жыйынтыктарын чыгарды.

«2025-жылы экономиканын өсүү темпи жогорку деңгээлде сакталып, акыркы эки жылда (2024–2025-жылдары) 11 %дан ашты. Бул жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясаттын натыйжалуулугун жана өнүгүүнүн туура багытта кетип жаткандыгын көрсөтөт. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 1 трлн 976,4 млрд сомду түздү, башкача айтканда, дээрлик 2 трлн сомго жетти жана жылдын аягына карата такталган эсептөөлөр боюнча 2 трлн сомдон ашат деп күтүлүүдө.Салыштыруу үчүн, 2022-жылы ИДПнын көлөмү 1 трлн 21 млрд сомду түзгөн. Үч жылдын ичинде ИДПнын көлөмү эки эсеге өстү. 2025-жылы ИДПнын реалдуу өсүү темпи 11,1 %ды түздү. Ошентип, акыркы төрт жылда ИДПнын реалдуу өсүүсүнүн орточо жылдык темпи 10,2 %га жетти, бул аймактык жана дүйнөлүк масштабда абдан жогорку көрсөткүч болуп саналат», - деди ал.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, экономиканын өсүшүнө экономиканын бардык тармактары салым кошту. Курулуш сектору 21,1 %га, тейлөө сектору – 10,9 %га, айыл чарбасы — 2,2 %га өстү. Өнөр жайда өсүү 10,7 %ды түздү, ал эми өнөр жай продукциясынын көлөмү дээрлик 800 млрд сомго жетти. Өзгөчө жогорку өсүү темптери фармацевтика тармагында – 1,7 эсе, тамак-аш азыктарын өндүрүүдө – 30,1%, резина жана пластмасса буюмдарын, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүүдө – 35,7%, автомобиль өндүрүүдө – дээрлик 2 эсе, химиялык продукцияны өндүрүүдө – 19,8%, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алууда – 14,2% катталды. Бул абдан позитивдүү тенденция болуп саналат.

«Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 18,4%га көбөйүп, 374,6 млрд сомду түздү, бул рекорддук көрсөткүч болуп калды жана 2024-жылга салыштырмалуу 100 млрд сомго көп. Негизги капиталга салынган инвестициялардын 24% же 90,3 млрд сому республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды, бул 2024-жылга салыштырмалуу 42,7%га көп», – деди МинКаб башчысы.