Бүгүн, 26-январда өлкө аймагындагы авто жолдордо, ашууларда жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Бишкек-Ош авто жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Тараз –Талас - Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашууларында, Бишкек–Нарын-Торугарт автомобиль жолундагы Долон, Кызыл-Бел жана Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашуусунда жана Түп–Кеген жолунда каттам бар, жол ачык.
Учурда жолдордо, ашууларда кар күрткɵлɵрүн тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу, жол жээгин кеңейтүү иштери жүрүүдө.
Алыс жолго чыккан айдоочуларга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, жол эрежесин сактап, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.