Жалал-Абад: Мыйзамсыз курулган объект боюнча чара көрүлүүдө
Новость

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы курулуш объектилерине карата рейддик иш-чаралар улантылууда.

Аталган иш-чаралардын алкагында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине караштуу Жалал-Абад региондук башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Манас шаарынын Ленин көчөсү 74 дарегинде жайгашкан курулуш объектисинде текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө Казакбаев М.М. тарабынан тиешелүү уруксат кагаздары жок мыйзамсыз курулуш (офис) жүргүзүлгөнү аныкталды.

Тактап айтканда, аталган дарек боюнча жеңил типтеги курулушка гана уруксат берилгенине карабастан, учурда эки кабаттуу капиталдык курулуш тургузулганы белгилүү болду. Бул факты боюнча Жалал-Абад региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан курулушту толугу менен бузуу тууралуу акт түзүлүп, мыйзам талаптарына ылайык 20 күндүк мөөнөт менен жазуу түрүндө эскертүү берилди.