Бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңештин «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жаза аткаруу кодексине, Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Жыйында баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев белгилегендей, мыйзам долбоору уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү жана аны биротоло жок кылуу максатында иштелип чыккан. Анын негизинде кылмыштардын рецидиви түшүнүгүн кайра киргизүүнү кароо жана мүлктү конфискациялоонун айрым маселелери чечүү сунушталууда.
Талкуу маалында депутаттар Дастан Бекешев, Эльвира Сурабалдиева, Гүлнара Акимбаева жана башкалар Кылмыш-жаза кодексинин 18 жана 50-беренелерине сунушталган өзгөртүүлөргө каршы пикирин билдиришти. Эл өкүлдөрү мамлекеттин эгемендигин, экологиялык, экономикалык коопсуздугун жана коомдук тартипти коргоо максатында жасалган аракеттерди кылмыш деп тааныбоо жөнүндө норма мыйзам алдында баарынын теңдиги принциптерине каршы келерин жүйө келтиришти. Буга Эркебек Аширходжаев аталган 18 жана 50-беренелер мыйзам долбоорунан алынып салынарын маалымдады.
Муну менен катар депутат Гуля Кожокулова Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесине сунушталган эскертүүгө да токтолуп, кылмыш жасагандыгы тууралуу ыктыярдуу билдирген жана кылмыштуу жол менен алынган мүлктү өз ыктыяры менен берген адамды кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу нормасы талаштуу экенин белгиледи.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.