Кышкы олимп оюндарына Кыргызстандан эки спортчу катышат
Новость

6-февралда баштала турчу Италиядагы XXV кышкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын Тимур Шакиров менен Артур Сапарбеков коргойт. Тимур тоо лыжасы, Артур Сапарбеков лыжа жарышы боюнча ат салышат. Лыжа боюнча жарыштар Валь-ди-Фьемме шаарында, ал эми  тоо лыжасы боюнча мелдештер Бормио шаарында өтөрү белгилүү болду.

Белгилей кетсек, аталган кышкы олимп оюндары 6-февралдан 22-февралга чейин Италиянын Милан жана Кортина-д'Ампеццо шаарларында өтөт. Олимпиадага 90дон ашуун мамлекеттен 3500 миңге жакын спортчу катышат. Анда 8 спорт түрүнөн 16 дициплина боюнча 116 медалдар топтому ойнотулат.