Жумгалда көмүр казган ишканага 1,5 млн сомго жакын айып пул салынды
Новость

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматты тарабынан Миң-Куш айыл аймагындагы "Шанси Коал Инвестмент Групп" ЖЧКсына текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Мындан улам аталган ишканага 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле, жер үстүндөгү сууларды пайдалангандыгы үчүн 2024-2025-жылдарга карата 1 млн 484 миң сом төлөө боюнча жазма буйрук берилип, аны аткарууга бир ай убакыт берилди.

Белгилей кетсек, бул чаралар жер, суу мыйзамдарынын талаптарын камсыз кылуу максатында көрүлдү.